У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы бир талапкер Улан Сариевге добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду…


Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан дагы бир талапкер Улан Сариевге добуш сатып алууга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз ккызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №26-Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улан Сариев жана анын айланасындагылар үгүт мезгилинде шайлоочуларды сатып алуу аракети, шайлоо фондуна кирбеген финансылык каражаттарды пайдалануу, административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочуларды ташуу түрүндөгү төгүндөлгүс далилдер алынды деп айтылат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 2-бөлүмү (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, чогулган материалдар Кыргыз Республикасынын БШКга андан ары кароо үчүн жөнөтүлөрү айтылды.

Улан Сариевди Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев сүрөөнгө алып жаткан. Каржылык чыгымын дагы Маматалиев көтөрүп, көмөк көрсөткөнү маалым. Эми бул жагы кандай болот болду экен…

Учурда Улан Сариев Марлен Маматалиев жетектеген «Ынтымак» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты…

Белгилей кетсек, буга чейин Ленин районунан депутаттыкка талакер болуп, биринчи орунду алып жеңип чыккан Дамира Ниязалиевга дагы добуш сатып алууга байланыштуу кылмыш иши козголгон болчу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter