У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курултайчылар өлкө башкаргысы келет!..


Конституцияга аткаруу бийлигине, же мыйзам чыгаруу, же сот бийлигинин бирөөнө кирбеген Курултай институтун киргизип алып, анын иштөө функциялары, милдеттери, жоопкерчилиги кандай болоорун билишпей эки жылдан бери бийликтин аргасы кетип, эмне кылышты билбей жатат. 

Жогорку Кеңеш Курултай институтунун кызматтык функцияларын, жоопкерчилигин, милдетин аныктаган мыйзам кабыл ала албай эси ооп калды. Бирок, капка шибегени ката албаган сыңары, курултайчылардын дымагы күч экени билинди. 

Дегенибиз, Курултай боюнча мыйзамды Жогорку Кеңештен өткөрө албай түртмөлөп жүргөн президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев парламентте жыландын башын кылтыйтып, бир жылдан ашык убакыттан бери айталбай жүргөн "арам" оюн ачыктады. 

Чолпонбек Абыкеевдин сөзүнө караганда эгер мамлекетте төңкөрүш болуп, башкаруу системасы шал болуп калса, бийликти курултайчылар көзөмөлдөп, ал түгүл убактылуу мамлекеттин башчысын дайындап, өлкөнү башкарганга укуктуу болгулары келет экен. 

Мындай пикирин Абыкеев эл өкүлү Мейкинбек Абдалиевдин "кокус төңкөрүш болуп кетсе курултайчылар чогулат да ээ" деген суроосуна, "Мен бир жылдык, бир жолу дегенди түшүндүрө албай жаткан нерсеге сиз өзүңүз жооп бердиңиз. Ушуну айта албай жаткам. Анын жүзүн нары кылсын, кокус өлкөдө күтүүсүз абал жаралса, ушул мыйзам кабыл алынгандан кийин Курултай чакырылат", - деп билдирди. 
Эл өкүлү Абдалиев маселени кайрадан тактап, "максат бир нерсе болсо чогула калып, президенттин милдетин аткаруучуну дайындап башкаргыңар келет турбайбы" - деген өңүттө суроо узатты. 

Абыкеев оозу-мурду кыйшайбай туруп, "Конституцияда бийликтин ээси эл деп турат. Демек, баардык бийлик бутагы элдики. Элдин өкүлдөрү келип чечим чыгарганга укуктуу", - деп айтты. 

Мына сага, чыга албай турган көз эле чыгып кетти өзү эле деген ушул. Курултай институтунун максатынын маңызы эми ачылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter