У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда биринчи жолу грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингдик турнир өтөт…


Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнөлүк рейтингдик турнир өткөнү турат. 
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди. 

2023-жылдын 1-июнунан 4-июнуна чейин борбор калаабыздагы “Бишкек Арена" спорт комплексинде өтө турган Каба уулу Кожомкул жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик турнир — Кыргызстандын эл аралык масштабдагы дүйнөлүк беделин көтөрө турган ири спорттук иш-чара болот. 

Күрөш Федерациясынын президентти Мелис Турганбаевдин билдиргендей, Кыргызстанга З6 өлкөдөн 600 дөй балбан келет. Бул турнир быйылкы төрт турнирдин үчүнчү рейтингдик турнири. Буга чейин ал Харватияда, Египетте өткөн. Венгрияда төртүнчүсү болот. 

Аталган мелдеш балбандарга өнөрүн жана техникасын көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк гана бербестен, дүйнөлүк рейтингде лидерлерди аныктоодо да маанилүү кадам болуп саналат. 

Белгилей кетсек, “Бишкек Арена” спорттук комплекси Бириккен күрөш дүйнөсүнүн талаптарына жооп берүү максатында толук оңдоодон өтүп жатат. Анда спортчулар, көрүүчүлөр жана бардык катышуучулар үчүн оптималдуу шарттар камсыз болот. 

Мына ушул мелдештерде Кыргызстан өзүнүн карьерасында көптөгөн жеңиштерди багындырган, атагы алыска кеткен күчтүү жана тажрыйбалуу балбандардарын сыймыктануу менен тааныштырат. Алар дүйнөлүк күрөштүн көңүлүн өзүнө буруп, бул абройлуу иш-чарада өздөрүнүн эң жогорку чеберчилигин жана кесипкөйлүгүн көрсөтүшөт. Бул биздин жаш спортчуларыбыз үчүн да өз таланттарын көрсөтүүгө, тажрыйбалуу атаандаштар менен таймашууга жана эл аралык аренада баалуу тажрыйбага ээ болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болмокчу. 

Турнирге 7 олимпиада чемпионы, 17 дүйнө чемпиону, 30дан ашык ар кандай эл аралык абройлуу спроттук мелдештерди уткан байге ээлери, Европа чемпиондору, Континент аралык турнирлердин чемпиондору катышып күч сынашат. 

Учурда уюштуруу иштери жогорку деңгээлде жүрүп жатканын айткан Мелис Турганбаев, турнирдин дагы бир эң негизги максаттарынын бири — кыргыздын белдүү, сыймыктуу уулдары Каба уулу Кожомкул менен Раатбек Санатбаевдин атын дүйнөгө даңазалоо аркылуу келечек муундун мекенчилдик сезимин өстүрүп, эл аралык аренада кыргыздын атагын чыгарган сыймыктуу жаштарды тарбиялап, Кыргыз мамлекетинин аброюн бийик деңгээлге көтөрүү экенин баса белгиледи. 

Турнирдин ачылышы 2-июнь күнү саат 17:00дө болот. Ачылыш аземге КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышат. Ардактуу меймандар Бириккен дүйнөлүк күрөш бюросунун мүчөлөрү болушат...  

Баса белгилеп кете турган жагдай, бул маанилүү турнирден тышкары, U17 жана U23 грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты да болмокчу. Бул сынак былтыркыдай эле 2023-жылдын 10-18-июнунда Бишкекте өтөт. 

Балбандарыбызды ийгиликтер коштосун!



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter