У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дамира Ниязалиева дагы "жыртык тепшисин" кучактап отуруп калбайбы?

 
Бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкандар 30дан ашты. Дээрлик, көбү мурда-кийин саясатка аралаша элек жаңы жүздөр экен. Бирок арасында дээрлик 15 жылдан бери саясатта жүрүп, бирок колунан эч нерсе келбеген Дамира Ниязалиева сыяктуу акчасына таянгандар дагы жүрөт. 

Ырасында, Ниязалиева эки жолу Жогорку Кеңештин депутаты болду. Саламаттыкты сактоо министрлигин жетектеди. Натыйжада өзүн көрсөткүдөй деңгээли жок экенин эчак далилдеп бүткөн. Ошого карабастан жыгылган күрөшкө тобойт дегендей, "чоң акырдан жем жеп" көнүп калгандан уламбы, Жогорку Кеңештин акыркы болгон шайлоолоруна тынбай ат салышкан менен элдин колдоосун таппай, шайлана албай жыдып жатат. 

Өткөндө Кочкор округунан Мирлан Самыйкожого утулуп калды эле. Эми бул жолу багы ачылып өтөбү, же Пушкиндин" Алтын балык" жомогундагы жыртык тепшисин кучактап отуруп калган кемпирдин кейпин кийеби көрөлү?..


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter