У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда казино ачууга лицензия берилди


Кыргызстанда биринчи жолу казино ачууга лицензия берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы көзөмөл органынын сайты билдирди.
 
Лицензия «GRAND CASINO» ЖЧКсына берилген. Лицензия үчүн мекеме 84 миллион сом төлөгөн.
 
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүсү Адилет Абдыманапов. Фирма өткөн жылдын ноябрь айында Бишкекте катталган.
 
Эске салсак, оюн-зоок ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун кароо коомдо бир топ талаш-тартыштарды жараткан. Кыргызстанда казинолордун ачылышына каршы болгондор борбордо жана аймактарда нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.
 
Казинолордун ишмердүүлүгүнө уруксат берүү мыйзамы Жогорку Кеңеште  да талаш-тартыштар жараткан. Парламент бешинчи жолку кароодо гана кумар оюндары боюнча мыйзамды кабыл алган. 
 
Президент Садыр Жапаров казинолор жөнүндө мыйзамга 2022-жылдын 30-июнунда кол койгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter