У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент педофилдерге жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзамга кол койду


Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Бул мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган.
 
Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.
 
Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу (58-берене), психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жана мунапыс жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт. 
 
Эске салсак, мыйзам Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленип, 2022-жылдын 30-июнунда көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен кабыл алынган.
 
Акыркы учурларда жашы жетек элек балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөндөр жазасын албай же жеӊил жаза алып, аз убакытта эле эркиндикте жүргөн учурлар көп кездешип келет. Күнөөлүүлөр тиешелүү жаза албай келгенине байланыштуу балдарга карата зордук-зомбулук өсүп келген. Мына ушул жагдайларды эске алган депутат Марлен Маматалиев балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата жазаны катаалдаштыруу керек деген маселени көтөргөн. 
 
Чынында бул мыйзам коомго азыр өтө керек. Балдарга кордук көрсөткөндөрдүн жазасы жеӊил болуп, натыйжада зөөкүрлөрдүн саны өсүп жаткан. Бул учурунда жазылып, кабыл алынган мыйзам болду. Жазалардын катааланышы зөөкүрлөрдүн санын кыркат деген үмүт бар. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter