У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


120 миӊ долларлык офис, же Кумтөр Тенгиз Бөлтүрүктүн жеке менчигине өттүбү?

Тенгиз Бөлтүрүккө оӊтойсуз суроолор?

- «Кумтөрдү» алдык деп сырттан башкарып жатканыӊарга бир жылдан ашты? Кыргыз эли эмне пайда тапты? Качан элдин кашык-табагы, ит аягы алтындан болот? Кумтөрдө тоо көчүп, экологиялык катастрофа болгондобу? 

Центеррадагы Кыргызстандын 26% акциясын берип (дээрлик 1 миллиард доллар турган), 3 жарым миллиард долларлык соттон уткан экологиялык доодон баш тартып Кумтөрдү алгандан эмнени уттук? 

Кийин экологиялык зыяндын ордун толтура албай, уу калдыктарды кучактап, рекультивация кыла албай шорубуз катса президент Жапаров экөөӊөр керт башыӊар менен жооп бересиӊерби? Же чөнтөк толду деп куйрук түйүп, качып кетебиз деп ойлойсуӊарбы?

Азыр отурган офисиӊердин ижара акысы 120 миӊ доллар, сом менен алганда 10 миллион сомду чапчый турганын Жогорку Кеӊештин депутаты Жеӊишбек Токторбаев жар салды. Ошондо жылына сиз отурган офиске мамлекеттен 1 млн 440 миӊ доллар, сом менен 120 млн. сарпталат экен. Мурда мамлекеттик Учкун ишканасынан ээлеген 5 кабат офиске Кумтөр.айына 2 млн. бир жылда 24 млн сом төлөчү. Мамлекеттик ишканадан жеке менчик офиске көчө качканыӊыздын сыры эмнеде? Ал офис балаӊызга тиешелүү деген чынбы? Ошондо мамлекеттин акчасын өз чөнтөгүӊүзгө уруп жатасыз да туурабы? 

Сиздин мамлекеттин акчасын каалагандай чачканга кандай акыӊыз бар? Кумтөр сиздин жеке менчикке өттү беле? Тенгиз Бөлтүрүк Теӊирин тааныбай калды дегенди кулагыӊыз чалабы? Эмне мынча көптүӊүз? Жооп берчү күн келбейт деп ойлойсузбу?

Суроо салган Алмаз ТЕМИРБЕК уулу


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter