У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмил Атамбаев, «Биз бул жактан аткылап сүйрөсө да, чыкпайбыз»


Азиз Батукаевдин иши боюнча учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-мүлктөрүн мамлекетке конфискациялап алып жатышат. Алардын ичинде Алмазбек Атамбаев бир туугандары менен чогуу чоӊоюп өскөн чоӊ атасы салган Арашандагы үйү да бар. Бул үйдү мамлекетке алуу чечими коомдо кызуу талкууланып жатат. Жагдай тууралуу Алмазбек Атамбаевдин бир тууган иниси Атамбаев Эмил Шаршенович «Пиар ТВ» интернет каналына кыскача пикир билдирди. 

- Эмил Шаршенович, Алмазбек Атамбаевдин атасынын үйү дагы Батукаевдин иши боюнча мамлекетке конфискацияланып алынып жатат, буга кандай пикир айтасыз?
- Бул үйдү чоӊ атам согуштан кийин 50-жылдары салган. Ага чейин эски үй бар болчу. Бул жакта атам, байкем (Алмазбек Атамбаев) балдары чоӊойду. Кадыр деле бул үйдү көрүп калды. Мен дагы ушул үйдө чоӊоюп, үйлөндүм. Балалуу болду. Бул үй жалпы баарыбыздын үйүбүз. 
Бул үйдөн 1977-жылы атам, байкем, чоӊ энем өттү. Баарынын сөөгүн ушул үйдөн чыгардык. Бул жакта Алмазбек байкемен башка да туугандары бар да. Анан кантип эле Батукаевдин иши боюнча кетти десе эле макул болобуз, бербейбиз үйдү. 

- Адвокат Замир Жошев Батукаевдин иши боюнча мамлекетке материалдык, мүлктүк зыян келген эмес деди, сиз бул ишти канчалык деӊгээлде калыстык деп ойлойсуз?
- Бул үй 50-жылдары салынган. Бери жагы 70 жыл болду. Батукаевдин иши качан болду? Өкмөткө андан эмне зыян келиптир? Үй 90-жылдары Сеид Атамбаевге жазылган. Эмне Батукаевди Сеид чыгарыптырбы? Же эмне Сеидге иш барбы?

- Бирок үй мамлекетке өтсө, расмий органдар күч колдонуп чыгарса кандай болот? 
- Бул үй ата-бабабыздан калган. Түпкү тамырыбыз ушул жерде. Жакшылык-жамандыкты ушул жактан өткөрөбүз. Кантип бул жактан кетебиз. Ысак чоӊ атабыздын жалгыз баласы болгон Шаршен. Биз Шаршен атабыздын балдарыбыз. Айылда бул жактан башка менин да, Сеиддин дагы үйү жок. Анан алабыз десе кантип макул болобуз? Турабыз, бербейбиз. Колубуздан-бутубуздан көтөрүп, аткылап, сүйрөсө да чыкпайбыз.

- Бирок, тактап койчу жагдай, Мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров Атамбаевдин Арашандагы үйү конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесинде жок. Ал жердеги жер тилкеси тууралуу сөз болуп жатат деди го...
- Андай болсо кагаз жүзүндө көрсөтпөйбү? Аламедин райондук мамлекеттик каттоо кызматынан чыгарып, кагаз түрүндө көрсөтсүн. Үй өткөн айда мамлекетке өттү деген, апрелде чечим болгон да. 

- Алмазбек Атамбаевге кирип жолугуп турасызбы? Ал абалы туурасында айтсаӊыз? 
- Жолугуп турам. Ал киши өзү деле, “менин үйүмдү, жеримди, мүлкүмдү алгыла, Бирок духумду ала албайсыӊар” деп айтпадыбы? Ал киши сынбайт. 
Маектешкен Бек Оморбеков


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter