У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Света Тойгонбаева, айтымчы: "Ак үйдө оомат жок. Президентке оор сыноо келет. Ташиев ылдый түшөт, сокку бар"


Төлгөсү төп келген, окуяларды алдын ала билген айтымчы Света Тойгонбаева көптөн бери көрүнбөй кеткен эле. Атайын издеп Света айым менен байланыштык.

- Света айым, эмнегедир көп маек бербей калдыңыз. Интернетте  Света айым эмнеге төлгө салбай калды деп жазгандар көп. 
- Бул жолду тандаган адамдар аура, энергетиканын үстүндө иштешет да. Ички жана тышкы энергияны тазалоо деген процесстер болуп турат. Биз берип жаткан маалыматтар алдын алуу керек деген нерсени да камтыйт. Бул эскертүүлөрдү туура кабыл алыш керек. Ар кандай жолдорун жасап, сактык менен иш алып барыш керек. Биздей энергетика менен иштеген адамдарга да тынугуу зарыл.

- Сизге мындай суроо бергим келип турат. Кыргызстанда өзгөрүү болобу?
- Өзгөрүү болбойт. Көрүнгөн жок. Кымбатчылык болот. Экономикалык кыйынчылыктар көрүнүп жатат. Таасирдүү саясатчылардан кетет. Кызматтан көп адамдар кетет. Ортодо бир сокку бар деген аян түштү. 2 киши боюнча кара пиар болот. Ич араа тирешүү күч. Президентке оор сыноо келет деген аян түштү. Ротация жыйынтык бербейт.

- Президенттин жолу кандай?
- Президенттин жолу ачык деп эле көрүнүп турат. Ден соолугун карап коюш керек. Жүрөк, кан-тамырына көңүл бөлсүн. Кытай, Россиядан кол сунуу болуп турат. Жардам ошол тараптан келет. Жаратылыш кырсыктары көрүнүп жатат. Ысык болот. Көмүр кенин өндүрүү өсөт. Кара алтын түшүп жатат. 2023-ЖЫЛЫ АЛДЫГА ЖЫЛУУ БОЛОТ.

- Парламент боюнча эмне айтмакчысыз?
- Ак үйдө оомат жок. Мурунку чакырылыш менен оомат кетти.Чөйчөктөр бош турат. Ак үйгө башкалар олтуруп калат деп көрсөттү. Бул эмнени түшүндүрөт биле албайм. Ак үйдө киши көрүнбөйт.  3 жыл деп көрсөттү. Кыргызстан башка системага өтөт окшойт.
 
- Камчыбек Ташиев боюнча карталар эмне дейт?
- Ал кишиге сокку бар. Соккуну өзүнө алып жатат. Карама-каршы карталар түштү. Ден соолугун каратып койсун. 2 формачан адам жанында деп түшүп жатат. Арык чырай бою узун киши жандап жатат. Негедир ага ишенип жаткандай. Шашкан эле иштер. Ылдый түшөт деген эле карталар көрүнүп жатат.

Акылбек Жапаров боюнча карталар эмне дейт?
- Көп нерсеге тоскоолдуктар турат. Ишимдин аягына чыгам деп жатат. 2 жыл убакыт берилиш керек. Ден соолугуна  кабатыр. 

- Талант Мамытов спикерликтен кетеби?
- 6 деген сан көрсөттү. Аны чечмелей албайм. 

- Оппозиция боюнча эмне дейсиз?
- Оппозиция сырткы күчтөргө үмүт кылгандай. Бирок элде нааразычылык күч болот.

Маектешкен Акмаанай Акматалиева


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter