У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеӊештин депутаты Арслан Малиев Кумтөрдүн кирешесинен Нарынга акча бөлүүгө каршы чыкты


Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кумтөр кенинин кирешесинен Нарын облусуна дагы акча бөлүүгө каршы чыгып, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду сындап, кызматтан кетишин талап кылды.

Бул туурасында: «Мен Кумтөрдөн Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна акча бөлүп бергиле деп айтып келем. Бирок тилекке каршы, өкмөтүбүз ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарын облусунун Кумтөргө эмне тиешеси бар? Ансыз деле Кумтөр республиканын баарына жардам берип жатпайбы. Ошондуктан бул маселени күн тартибине киргизип, туура эмес токтом чыгарганы үчүн өкмөт башчы Жапаров отставкага кетсин. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо мен президентке кайрылам. Президент өзү чара көрсүн», - деп айтты.

Эл өкүлүнүн мындай оюна Жогорку Кеӊештин депутаттары Нурлан Шакиев, Балбак Түлөбаев, Нурбек Сыдыгалиев каршы чыгышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы 24-майда Кумтөрдүн кирешесинен Нарын облусун өнүктүрүүгө акча берүү тууралуу чечимге кол койгон. Анда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6% сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын" деп жазылган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter