У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: Сентябрдан тартып мугалимдер азыркыга салыштырмалуу айлыкты аз алышат


Апрель айында мугалимдердин айлыгы жогорулап, айрым мугалимдери 50 миӊ сомго чейин айлык алышкан. Билим берүү жана илим министрлиги сентябрь айынан тартып мугалимдер азыркыга салыштырмалуу аз айлык ала турганын эскертти. Бул тууралуу министрликтен «Кактус медиага» билдиришкен. 
 
 Маалыматка ылайык, мугалимдер бул айлыкты учурдагы жүктөмдү эске алуу менен алышкан. Бирок министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жаңы окуу жылынан баштап окуу жүгү азаят. 
 
«Айрым мугалимдер мектептерде кадрлардын жетишсиздигинен улам кошумча жүк менен иштөөгө аргасыз болушкан, кээ бирлери эки нөөмөт менен иштешкен. Бул жүк окуу жылынын аягына чейин сакталат.Сентябрь айында мектептерде мугалимдердин окуусун кайра бөлүштүрүү болот. Жаңы токтомго ылайык окуу жүгү азыркыдан бир аз азыраак. Бирок бул учурда дагы мугалимдердин айлыктары мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк, апрель айына караганда азыраак болот», - деп билдирген Kaktus.mediaга министрликтен.  
 
Ошондой эле, май айында эс алуу күндөрүнө байланыштуу иш күндөрү аз болгондуктан бул айда да мугалимдер апрель айына салыштырмалуу азыраак айлык аларын белгилеген. 
 
Билим берүү жана илим министрлиги тарых сабагынан берген мугалимдердин кайрылуусуна да жооп берген. Алар эмгек акы төлөө системасын кайра карап чыгуу өтүнүчү менен президентке кайрылышкан, анткени ал башка предметтен сабак берген мугалимдерге салыштырмалуу аз айлык алып жатышканын айтышкан. 
 
 "Бул адистер жетишсиз болгондуктан физика-математикалык сабактардын мугалимдерине гана коэффициент 20%га көтөрүлдү. Бул ушул предметтен сабак берген мугалимдерди мектептерге тартуу максатында жасалып жатат. Ал эми калган мугалимдер боюнча маселе каралбайт. Анткени жалпысынан бардык мугалимдердин айлыгы дээрлик 80% жогорулатылды», - деп кошумчалаган Билим берүү жана илим министрлиги.

Булак: Кактус медиа


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter