У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаровдун белекке берген үйү сатылды


 Президент Садыр Жапаровдун “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсына белекке берген үйү сатылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акционердик коомдон билдиришти.
 
Маалым болгондой, эки кабаттуу үй 28 миллион 50 миң сомго сатылган. Сатып алган жаран атын атагысы келген эмес. Ошондуктан сатып алуучунун өздүгүн компания ачыктаган эмес.
 
Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 30-сентябрында үйүн «Мамлекеттик ипотекалык компанияга» өткөрүп берген. Мамлекет башчынын айтымында, анын үй-бүлөсү бул үйдү 2005-жылы сатып алган. 2010-жылы алар башка үйгө көчүп, үйдү бала бакчага беришкен.
 
 Садыр Жапаров белгилегендей, анын иш-аракетинин максаты жеке турак-жай рыногун жакшыртуу, ошону менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга “Менин үйүм – 2021-2026” жаңы мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында муктаж болгондорду турак-жай менен камсыздоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.
 
30-ноябрда мамлекеттик компания президенттин өткөрүп берген үйүн сатыкка койгон. Аны сатуудан түшкөн каражат даяр турак -жайды сатып алууга жумшалат. Алгачкы баасы 33 миллион 700 миң сомго бааланган. Бирок үйдү эч ким сатып алган эмес. 20-январда ишкана эки кабаттуу үйдү кайра ачык аукционго коюп, баасын 28 миллион 46 миң 800 сомго түшүргөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter