У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекова Нурбек Изабековго батир белек кылды


 18-мартта Бишкекте «Нурбек агай» даректүү тасмасынын бет ачары болду. Тасманын бет азар аземинде спортчу Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго белек кылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Тасманын бет ачарына Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков, белгилүү спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана башка спортчулар катышты.
 
Премьеранын жүрүшүндө чемпион Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
 
«Нурбек агайымдын эмгегин баса белгилеп кетким келет. Нурбек агайым спортчу катары да, жөнөкөй адам катары да бизге өз тарбиясын берип келет. Мен үчүн кыйын учурлар болгон. Ошол кыйын учурда агайым мага өз үйүнөн бир бөлмө берген. Бүгүн мен сиздердин уруксатыӊыздар менен агайыма Бишкектен батирдин ачкычын тапшырып коеюн»,-деди Айсулуу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter