У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кумтөр иши. Исхак Пирматовго 300 миң сом айып салынды


Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовго карата козголгон кылмыш ишин карады. 

Соттун чечимине ылайык, “Кумтөр иши” боюнча айыпталган Исхак Пирматов Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды. Мындай өкүмдү 9-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Махабат Бекишева чыгарды.
 
Белгилей кетсек, УКМК Кумтөр боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтеп жатат. Июнда мурдагы жана азыркы депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Исхак Пирматов УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Соттун чечими менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы спикер Асылбек Жээнбеков жана биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакка алынды. 3-августта мурдагы премьер-министр Темир Сариев кармалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter