У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ташиев: «Кыргызстан 500 ооган студентине виза берүүгө даяр»


Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500 студенттик виза бергенге даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтканын айтканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
“Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандарган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөө үчүн талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат. Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”, - деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.
 
Кыргызстанда окууну каалаган ооган студенттери Кыргызстанга келүү, турак-жай табуу, окуган университетин тандоо иштерин өз алдынча чечиши зарыл.
 
«Таланттуу афган студенттерине Кыргызстандын университеттеринде билим алуу үчүн студенттик виза берүү менен аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү милдетибиз деп эсептейбиз. Биздин университеттер региондогу эң эркин жана эл аралык университеттер. Биз мурда жергиликтүү билим берүү мекемелеринде окуган афган жарандарына виза берүүнү улантууга, ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окууну каалаган 500гө чейин студентти кабыл алууга даярбыз. Алар Кыргызстанга келүү, турак жай табуу, университет тандоо жана окуу акысын төлөө маселесин өз алдынча чечиши керек болот. Ошол эле учурда, Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана билим берүү мекемелери афгандык студенттерге отурукташууга, ылайыктуу университетти жана окуу багытын тандоого жардам берүү үчүн консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт»,-деп айтылат маалыматта. 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter