У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зордуктоо, тоноо, коррупция. Кыргызстанда кылмыштуулуктун саны кескин өстү

     
Жыл башынан бери Кыргызстанда 23,5 миң кылмыш катталды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет Башкы прокуратурага шилтеме берүү менен билдирет.
 
2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу кылмыштуулуктун өсүшү 1,5 эсеге өскөнү белгиленди.
 
«Кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 61 пайызынан ашыгы) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган. 2 миңден ашыгы (11,6 пайыз) - оор жана өзгөчө оор кылмыштар. Алардын көпчүлүгү менчикке каршы кылмыштар», - деп айтылат билдирүүдө.
 
Өткөн жылдан айырмаланып, алдамчылык 2,1 эсеге көп катталып, уурулук 1,5 эсеге, каракчылык 24,5 пайызга көбөйгөн.
 
Жалпы республика боюнча адамга каршы кылмыштар өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик үчтөн бирине көбөйгөн. Ошол эле учурда, адам өлтүрүүлөрдүн саны 26 пайызга, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу - 34 пайызга көбөйүп, ден-соолукка анча оор эмес зыян келтирүү - 6 пайызга көбөйгөн.
 
Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.
 
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (23%га) көбөйдү. Ушундай кылмыштардын эң чоң үлүшү (57%дан ашыгы) баңгизаттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 40 пайызга жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.
 
Кылмыштуулуктун эң чоң өсүшү Ысык-Көл жана Ош облустарында, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. 13 миңден ашуун адам кылмыш жасаган. Алардын жарымынан көбү (54 пайызга жакыны) эч жерде иштеген же окуган эмес.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter