У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токио-2020: Кыргызстандык спортчулардын мелдештерге чыга турган убактысы


Кыргызстандык спортчулар жана делегациянын мүчөлөрү 23-июлда Жапониянын Токио шаарында XXXII Жайкы Олимп оюндарынын ачылышына катышты. Өлкөнүн желегин ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүп чыкты.

Жайкы Олимп оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчулар 24-июлдан тарта мелдештерге чыга баштайт. Алгач, биринчилерден болуп Каныкей Кубанычбекова 24-июлда  ок атуу боюнча мелдешке катышып, 50 спортчунун ичинен 48чи орунду ээледи. Мелдештин финалдык бөлүгүнө чыгуу үчүн спортчу 628,5 упай топтош керек болчу. 

10 метрге пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдештин финалдык бөлүгүнө сегиз спортчу чыгып, жыйынтыгында кытайлык спортчу Цянь Ян 251. 8 упай менен алтын байгенин ээси болду.

Күмүш байгени 251. 1 упай менен орусиялык Анастасия Галаш утуп алды. Швейцариялык Нина Кристен 230.6 упай менен үчүнчү орунга ээ болду.

Кыргызстандан 16 спортчу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн беш, грек-рим күрөш боюнча төрт, жеңил атлетикадан эки, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндарына лицензия алган спортчулар:
Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расулбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter