У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЭМНЕ ҮЧҮН БИЗ? Өнүгүү – өзгөртөт, өнүктүрөт!

 
"Өнүгүү-Прогресс" №15 Туура тандоо
Бишкекке өнүгүү керек! 
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы 2012-жылдын 2-февралында  түзүлгөндөн бери коомдун көӊүл борборунда болуп келет. “Политмер” сайтынын изилдөөсүнө ылайык парламенттик фракциялардын ичинен “Өнүгүү-Прогресс” 43% убадаларын аткарып биринчи орунду ээлеген. Мына ушунун өзү эле Төрөбаев Бакыт Эргешович жетектеген “Өнүгүү-Прогресс” партиясы максаттуу иш алып барган, элдин камын көргөн келечектүү партиялардын алдыӊкы сабында тураарын билсек болот. 
 
Бүгүнкү күнгө чейин “Өнүгүү-Прогресс” партиясы айыл чарбасын көтөрүүдө МТС, саламаттыкты сактоо тармагында жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын-алуу максатында  “Өз жүрөгүӊдү сакта”, республика боюнча, айрыкча Бишкек шаарында “Жарык шаар” долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырды. Бул аталган үч долбоор теӊ республикалык деӊгээлдеги мамлекеттик масштабдуу программага айланды. 

Мындан сырткары, 33 ишкана ачылып, 3 миңден ашуун жумуш орун түзгөн.  “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузуунун 8 беренеси боюнча айып пулдар төмөндөтүлгөн. Коммерциялык багыттагы кызмат көрсөткөн оң рулдуу унаалардын колдонулуу мөөнөтүн узартуу аркылуу жумуш орундарын сакталышын камсыздаган. Жөлөк пул алууда, пенсия киреше булагынан чыгарылды. Лизингке техника алууда 9%дык үстөк 6%га түшүрүлдү. 
 
Мына ушул сыяктуу бир катар мыкты иштер “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын эл ишенимин жаратып, кадырын арттырды десек жарашат. Элдин колдоосу, ишеними мындан ары дагы натыйжалуу иштөөгө дем берет. Биз Бишкек шаарын өлкөнүн брендине айлантып, шаардын жаӊы заманбап облигин жаратабыз. Өнүгүү өзгөртөт, өнүктүрөт!

Буйуртма: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шайлоо фондунун финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Атчабарова Ж.К тарабынан төлөндү


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter