У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энергетика министри электр энергиясына болгон жаӊы бааны сунуштады


 Электр энергиясына болгон бааны 1 сом 9 тыйынга көтөрүп, бирдиктүү тарифти киргизүү сунушталууда. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
 
Анын айтымында, электр энергиясына жаңы бирдиктүү тарифтик саясат иштелип чыкты. Жакынкы аралыкта коомдук талкууга коюлат. 
 
«Электр энергиясына бирдиктүү тарифти киргизүүнү сунуштап жатабыз. Тактап айтканда тарифти 1 сом 9 тыйынга көтөрүү сунушталууда. Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн кышында да, жайында да электр энергиясын колдонууга чектөөлөр болбойт. Жалпы калк үчүн кыш мезгилинде суунун деңгээли төмөн болгондуктан 1000 киловатт саат босогосун калтыруу сунушталууда. Ал эми ишкерликтин түрүнө жараша тарифти 5 сом 4 тыйынга чейин көтөрүүнү сунуштайбыз», - деди Доскул Бекмурзаев.
 
Эске салсак, бийлик 2021-жылдын апрелинде электр энергиясынын тарифин 1 сом 48 тыйынга, ал эми аз камсыз болгон жарандарга 74 тыйындан тариф түзүүнү, кышкысын 1000 кВттан ашканда 2 сом 29 тыйынга көтөрүүнү сунуш кылган. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter