У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жергиликтүү кеӊештин депутатынын үйүнөн 250 миӊ доллар жана баӊгизаттар табылды

 
  УКМК тарабынан баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча пландалган иш-чаранын жүрүшүндө "Тажикстан-Кыргызстан-Өзбекстан" маршруту боюнча эл аралык баңги каналын уюштурган туруктуу уюшкан кылмыштуу баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Кылмыштуу топтун уюштуруучусунун үйүнөн 50 кгдан ашуун баңги зат жана 250 миң доллар табылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Мекеменин маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусу Баткен облусунун Кадамжай шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты О.М.Б. болгон. Ал баңгизаттарды Кыргызстан аркылуу Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына өткөрүп турган.
 
Жергиликтүү кеӊештин депутаты 7-июнда Кадамжай шаарында баңгизат сатып жаткан жеринен кармалган. Иштин жүрүшүндө О.М.Б.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, үйүнөн 232 миң доллар, 42 млн 299 миң 500 сум, 106 миң сом акча жана 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, 37,5 кг марихуана, 1 ок атуучу курал табылган.
 
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 297-беренеси менен О.М.Б., О.К.М. жана О.К.А. кармалып, Баткен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter