У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен районундагы өрттөлүп, талкаланган турак-жайларын тизмеси


 Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифингде Баткен районунун аймагындагы кыргыз-тажик тилкесиндеги кагылышуу учурунда жабыркаган жана өрттөлгөн объектилер жөнүндө айтып берди.
 
Анын айтканына караганда, Баткен облусу боюнча жалпы 78 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, бир ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, 10 май куючу жай, 8 дүкөн жабыркаган. 
 
Баткен району:
 Ак-Сай айыл аймагы: 30 турак үй 2 мектеп 1 бала бакча 1 ФАП 1 милиция бөлүмүнүн имараты 2 чек ара заставасы – «Миң Булак» жана «Достук»
 
Лейлек району боюнча:
Кулунду айыл аймагындагы Максат айылында 11 турак үй, бир чек ара тозоту, Сады айылында 3 турак үй, Раззаков айылында эки турак үй жабыркаган.
 
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылында 9 турак үй, 10 май куюучу жай жана 8 дүкөн жабыркаган.
 
Достук айылында 12 турак үй, Борбордук айылында 11 турак үй жабыркаган. Ошондо жалпы Лейлек району боюнча 48 үй, 1 чек ара тозоту, 10 АЗС, 8 дүкөн күйүп кетти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter