У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстандын чек арачылары Лейлектин тургундарына өз аймактарында жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө уруксат бербей келишет


Лейлек районунун Булак-Башы айылынын тургундарына өз аймактарында жазгы талаа иштерин жүргүзүүгө Тажикстандын чек арачылары үчүнчү жыл катары менен уруксат бербей жатышат. Бүгүн жергиликтүү тургундар талаага чогулуп, жергиликтүү бийликтен жана Кыргызстандын Чек ара кызматынан алардын коопсуздугун камсыздоону талап кылышты. Алардын айтымында, үч жылдан бери эрте жазда тажик чек арачылары айыл чарба иштерине тоскоолдук кылууга аракет кылып келишкен.
 
«Биз бул жерге Советтер Союзунун күндөрүнөн бери эгин эгип келебиз. 2002-жылы бийликтин чечими менен бизге 93 үй-бүлөгө ушул жер бөлүнүп берилген. Жер тилкесине документтери берилген. Бирок 2019-жылдан тарта жаз келери менен тажик чек арачылары биздин жер айдаган техниканы аткылап жатышат. Бул аймакта кыргыз чек арачылары жок. Эмне үчүн жергиликтүү бийлик жана аскер кызматкерлери бизди коңшу өлкөнүн чек арачыларынан коргобойт», - дешти Лейлектин тургундары.
 
 
Ошондой эле айыл тургундары эки жылдан бери түшүмсүз калгандыгына карабастан, жер салыгын төлөп жаткандарын, кыргыз чек арачылары коопсуздугун камсыздап беришсе, өзүлөрүнүн эсебинен чек ара заставасын курууга дагы даяр экендиктерин билдиришти. Митингчилер район жетекчилеринен жооп күтүп жатышат.

[video=]
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter