У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку Кеӊештин депутаты Марат Аманкуловдун мүлктөрү…


 
УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин «А.М.А» инициалдуу депутатынын мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, саясий ишмердүүлүгү учурунда А.М.А кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээ болгону аныкталды. Алардын жалпы наркы анын расмий кирешесинен бир нече эсе ашык болгон. 
 
Ошол эле учурда, көмүскө мүлкүн жашыруу максатында, аны жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган байланышы бар адамдарга каттаткан. Атап айтканда, соода жана көңүл ачуучу комплекстери, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак-жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 чоң үй жана ошондой эле, жогорку класстагы 5 автоунаасу бар. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык.
 
Жогоруда аталган активдердин келип чыгышын мыйзамдаштыруу максатында, А.М.А, аларды сатып алуудан мурун, өзүнө финансылык мекемелерден насыя алган деп жаздырып алган. 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңештеги саясий таасирин пайдаланып, A. M. A. активдерин кыйла көбөйткөн деп болжолдонууда.
 
Учурда А.М.Анын башка мүлктөрү, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган каражаттарды легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле депутаттын мыйзамсыз байюуга шектелип камакка алынганы айтылууда. 
   


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter