У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Салмагың кандай саясатчы?..


Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон бери кыргыз саясатында эчендеген саясатчылар эл элегинен өтүштү. Көбү мезгилдин сыноосунан татыктуу өтө албай, тарых бүктөмүндө калды. Азы бүгүнкү күнгө чейин саясаттын казанында кайнап, саясий оош-кыйыш учурларда чечүүчү ролду ойноп, эл назарында жүрүшөт. Биз мына ушул жагдайга азыноолак анализ жасап, кыргыз саясатындагы саясатчылардын калк арасында салмагы кандай болду деген маселеге сарэсеп салып көрдүк.
 
Бүгүнкү күндө кыргыз саясатында каалайбызбы, каалабайбызбы Өмүрбек Текебаевдин орду өзгөчө. Дагы да болсо саясатта "пагода"  жасаганга чамасы жетет. Саясий ишмердүүлүгүндө жалаң президенттер менен кармашып, өз позициясын бербей келе жатат. Азырынча Текебаевдин алдына чыккан саясатчы жокко эсе. 
 
Ал эми Алмазбек Атамбаевдин дагы бүгүнкү күндө саясатта орду өзгөчө. Жамандыр жакшыдыр 6 жыл мамлекетти башкарды. Учурда абакта отурган менен коомдо саясий күчкө ээ. Такыр саясаттан сүрүлүп кала элек. Сөзүн угуп, артынан ээрчий турган электораты азыр да жетиштүү. 
 
Ошол эле Өмүрбек Бабанов коомдо атына көп сындар айтылып жатса да, өзү кыйын учурларда саясаттан кеттим деп бизнесин коргоп куйрук түйүп мант берген жоруктарына карабастан саясатта такыр эле шал болуп, биротоло критке кете элек. Дагы да болсо артында партиясы бар. Саясий өнөктүктө элдин көңүлүн бурууга жарай турган каржы капиталына таяна алат. Бул анын негизги көзүрү десек жарашат. 
 
Саясатта эгемендүүлүктөн бери бирде төө минип, бирде жөө жүрүп калганына карабай Адахан Мадумаров да, бүгүнкү күнгө чейин эл назарында болуп, саясий күчтөр эсептешкен салмактуу саясатчылардын көч башында келе жатат. Бул да болсо анын мыктылыгын айгинелейт.
 
Арийне, азыркы кезде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жылдызы жанып турган учур. Булар дагы Акаевдин убагынан бери саясатка аралашып, өйдө-төмөн ысык-суукту көп көрүп, бүгүнкүдөй кадырга ээ болушту. Албетте, буларды деле жалпы эл сүйүп турат дешке болбойт. Бирок, журттун калың катмары колдоп жатканы факт. Эми мындай урмат-сый канчага чейин созулат убакыт таразалайт. 
 
Мына ушулардай эле өзүнүн тазалыгы, уюштургуч жөндөмү менен эл оозуна алынып, саясатта өз ордун тапкан салмактуу саясатчылардын катарын Бакыт Төрөбаев толуктайт. Акыркы 10 жыл аралыгында Бакыт мырза саясатта такшалды. "Өнүгүү-Прогресс" партиясын түптөп, Жогорку Кеңештен орун алды. Саясий олку-солку окуяларда сабырдуулугун, туруктуу позициясын көрсөтүп, таза ишмердүүлүгү менен өз жүзүн жоготпой келе жатат. Мындай темп менен алыска чуркай алат десек жарашат.
 
Өз алдынча саясий жолун баштап, 2015-жылдан кийин тушоосун кесип, “Бир Бол” партиясы менен парламентте отурган Алтынбек Сулаймановду дагы салмактуу саясатчылардын арасына кошсо болот. Бир кездеги “Ак жол”, “Республика” партиясында жүргөн Сулайманов учурда өзүнчө чоң фигурага айланып баратат. 

Эл оозуна алынып, аброй топтой алган, саясатта өз үнү, өз орду бар салмактуу саясатчыларга Рыскелди Момбеков менен Жанар Акаевди кошсо болот. Экөө тең акыйкатты ачык айтып, курч билдирүүлөрү менен кадыр күтө алышты. 
 
Айтмакчы, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев, Садык Шер Нияз, Ахматбек Келдибеков, Улукбек Ормонов, Канатбек Исаев, Темирбек Асанбеков сыяктуу саясатта аты аталып, эл арасында мактоого да, сынга да алынып келе жаткандар жок эмес. Бирок булар салмактуу саясатчы катары артынан эл ээрчите алган деңгээлге жетише элек.
 
Ошондой эле, саясатта бир кезде ити чөп жеп, кийин ыргыткан ташы төмөн кулап, саясий ишмердүүлүгү аксап, критке кеткендер да жок эмес.
 Аскар Акаевдин доору жүрүп, алгач калың эл жапырт колдоп турганда (учурда коррупцияга шектелип камакка алынган) Кубанычбек Жумалиев баштаган бир катар лөктөр; Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков, Дастан Сарыгулов, Накен Касиев, Алтай Бөрүбаев, Апас Жумагулов сыяктуу түкүрүгү жерге түшпөй тургандардын көбү азыр сыймык менен эстелбейт деле. Айрымдары жашына, кээ бири ишиндеги кемчиликтерге байланыштуу саясаттан сыртка сүрүлүп калышты. 
 
Ал эми Акаевден учурундагы оош-кыйыштан аман-эсен суурулуп чыгып Бакиевдин этегин кармап, таш чайнап кум бүркүп калгандардын деле саналуу адамдар саясатта өз ордун сактап калбаса көбү критке кетишти. Алсак, ошол эле Элмурза Сатыбалдиев, Курманкул Зайнидинов, Үсөн Сыдыков, Молдомуса Конгантиев, Камбаралы Конгантиев, Марат Султанов сыяктуу бир катар кыйын чыкмалар азыр көптүн бири...
 
Ал эми кийинки Атамбаев менен Жээнбековдун тушунда бир топ эл көзүндө жүргөн төбөлдөр саясаттагы басыгы басаңдап, иргелишти. Мына ошол эле Жантөрө Сатыбалдиев, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов, Мухеммедкалый Абылгазиев, Айтмамат Кадырбаев, Кашкар Жунушалиев, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Иса Өмүркулов баштаган көптөрдүн дарегине карата коомдо жакшы пикирлер аз. Бир тобу кылмыш иши козголуп айыпталып абакка отурушту. Булар учурунда жогорку кызматты аркалашкан менен эл арасында бийик абройго жетише алышпады...

Айбек Назаров


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter