У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамкызматкерлер айлык ала албай жатышат…

Коронавирустун чыгышы Кытай экономикасына байланган мамлекеттердин экономикасына өз таасирин тийгизди. Кытай менен болгон алака-катыш солгундап, чек аралар жабылып, соода жүгүртүү кыйла кыскарды. 
 
Өзгөчө Кытай менен тыгыз соода-сатык кылган Кыргызстанга экономикалык оорчулуктун эпкини тийип жатат. Жаңы товарлар келбей, мурунку келген товарлар дээрлик саталып кетти. Товар тартыштыгынан улам, баалар кескин өстү. 
 
Буга утурлай дүйнөдө нефтинин баасы кескин түшүп кетип, валюта рыногунда абал өзгөрдү. Орус рублинин куну кетти. Мындай абал кыргыз сомун да кыйгап өткөн жок. Кыргыз сомунун АКШ долларына болгон катышы да кескин арзандап, Бишкекте мурда 1 доллар 69 сомдун тегерегинде турса, учурда  акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 73-74 сомго чейин чыгып кетти.
 
Мындай кырдаал ансыз да «араба сынбасын, өгүз өлбөсүн» болуп арабөк абалда турган Кыргызстандын экономикасына кыйла эле сокку болду көрүнөт. Мына жыл башынан бери, башкача айтканда январь айында бюджеттин кирешесинен чыгашасы көп болуп, дефицит 2 миллиард сомду түздү. Бул бир айдын эле көрсөткүчү. 
 
Мамлекеттик мекемелерде иштеген бюджеттин көзүн караган кызматкерлердин көпчүлүгү эки айдан бери айлыктарын ала алышпай отурушат. Ачык айтып жар сала алышпай, тилдерин тиштерине басып, араң күн өткүрүп жатышат. 
 
Бул кырдаал жөнгө салынбай, экономикалык абал оорлошо берсе, айлык күтүп акыйып отургандардын чыдамы түгөнүшү мүмкүн. Бюджетте акча жок, казына калдырап бош тургандыктан, быйылкы жылга пландалган капиталдык курулуш иштерине каражат бөлүнбөй калганы айтылууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter