У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Жээнбеков соттук реформаны Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан баштаса жарашмак...


Сот катары кандай иштерди караганы коомчулукка белгисиз болгон Гүлбара Калиеванын багы кантип ачылды деген суроого коомчулук аябай кызыкдар. 
“Эт менен челдин” ортосунда жүргѳн Гүлбара айымдын багы,  2018-жылдын 22-февралында журналист Кабай Карабековду  Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго 5 млн сом доого жыккандан кийин ачылган. Бул тууралуу мурдагы депутат Кабай Карабеков: “Айтпаган сѳздү айтты кылып далили жок 5 млн. сомго доого жыкканы бул соттун коррупциялашканын далилдеп турат”, - деп айтып чыккан. Калиеванын мындай “медвежья услугасы” кѳз жаздымда калбай, арадан туура  7 ай ѳткѳн соң Жогорку Соттун тѳрайымы болуп чыга келген.
Президент Сооронбай Жээнбеков  Баш мыйзамдын гаранты катары  “сот тармагында реформа болот, мен реформа жасайм” деп калайык калкка сөз берген.  Эгерде Калиева Жогорку Соттун төрайымы болуп мыйзамды одоно бузуп шайланса, анда кантип президент “сот тармагына реформа жасайм” деп калайык калкка жар салып жатат? Дегенибиз, “ууруну карма деп кыйкырып ууру жүрөт” дегендей, бул айымдын өмүр таржымалын окуган адам анын баскан жолу кынтыксыз деп айта албайт. Анткени мыйзам боюнча жакындары кылмыш жообуна тартылган адам, Жогорку Соттун төрайымы эмес алыскы райондун судьясы болуп иштегенге акысы жок! Бул "Судьялардын статусу " жөнүндөгү мыйзамды одоно бузуучулук болуп саналат.

1.  Буга далил катары Калиеванын уулу Ордобаев Жоомарт Бейшенбековичти алып көрөлү.  Жогорку Соттун төрайымынын уулуна 2001-жылы 12-ноябрда 281-берене менен кылмыш иши козголгон. Эң өкүнүчтүүсү эки адамдын өмүрүн алган унаа ошол маалдагы Сокулук районунун судьяларынын төрайымы Калиеванын кызматтык машинасы болгон. Гүлбара Үтүровна уулун кылмыш жообуна тарттырбай эки тараптын сүйлөшүүсү менен ишти жаптырууга жетишкен жана өз ыктыяры менен судьялык кызматтан кеткен.

2.  Ал эми мыйзам бузуу боюнча Калиеванын агасы Калиев Тилек Үтүрович да кур калган эмес. Тактап айтканда Жогорку Соттун төрайымынын агасына 2014-жылы май айында КР ИИМ тарабынан кылмыш жаза кодексинин 253-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок козголгон кылмыш иши кумга сиңген суудай жоголуп, кылмыш ишинин делосунда судьянын чечими жок.

3. Мыйзамды уруп ойнобогондордун катарына Калиеванын күйөөсү да кирет. Анткени Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Үтүровнанын жолдошу Ордобаев Бейшенбек Сыдыкбековичке Башкы прокуратура тарабынан 2015-жылдын 26-февралында КР кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүмү, 305-беренесинин 2-бөлүмүнүн, 5- пункту боюнча кылмыш-иши козголгон. 
Тактап айтканда, Карганбек Самаков баштаган топко козголгон чуулгандуу иштин ичинен Жогорку Соттун төрайымынын күйөөсүнүн "кулагын" көрүүгө болот.
Анткени, Калиеванын жолдошу Ордобаев 2005-жылы 6-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп турганда бир катар мүчүлүштүктөргө жол берген. Башкача айтканда, 14.3 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу мыйзамсыз документ жасаган. Бул иш боюнча бир катар адамдарга кылмыш иши козголуп, алды камалып чыкты. Бирок мыйзамсыз иштерди мыйзамды бузуп жасалма документ жасаган Жогорку Соттун төрайымынын күйөөсү суудан кургак чыккан. “Карга карганын көзүн чукубайт” дегендей аялынын кадыр-баркы менен соттон акталып кеткен. 
Сөзүбүз кургак болбосун, 2018-жылдын 22-сентябрында Калиева Жогорку Соттун төрайымы болуп шайлангандан кийин Аламүдүн районун соту Байысов 2018-жылдын 9-октябрь күнү өзүнүн төрайымынын төрөсүн актоо чечимин чыгарат. Бул "эмгеги" үчүн Калиева Байысовду Аламүдүн райондук сотунун төрагасы кылып дайындайт. Байысовдун "баатырлыгын" Чүй областык соту да колдоп, 2019-жылдын 8-февралында ушул эле чечимди күчүндө калтырат.
Эгерде Самаковдун "жерлеринин" документтерин жасаган адамдын иши кынтыксыз болсо, анда эмне үчүн Карганбек Самаков баштаган топ күнөөлүү болуп жазаланып жатат деген суроо туулат? Же Калиева үчүн мыйзам мааниге ээ эмеспи? Же эмне мыйзам Самаковго келгенде иштеп,эрке талтаң күйөөсүнө келгенде иштебей калабы? Дегиле мыйзамды ѳзү сыйлабаган адам, башкаларга кантип мыйзамды сыйлоо боюнча үлгү боло алат?
Урматтуу президент! Балык башынан сасыйт дешет. Ошондуктан, соттук реформаны Жогорку Соттун тѳрайымынан баштасаңыз жарашмак.

Акыл Байысов


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter