У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадан 25 тонна буудай, 20 тонна алма кармалды…

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарга жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан Кыргыз Республикасынын аймагына кээ бир товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду. Бул туурасында Салык кызматынын басма-сөз кызматы кабарлады.
Алсак, “Чалдовар” контролдук-өткөрмө пунктунан 590 миң сом суммасында авиажабдык, 20 тонна алма, 25 тонна буудай алып бара жаткан унаалар кармалган.
“Чоң-капка” контролдук-өткөрмө пунктунан 20 тонна кесек порошогун (абразивный порошок), 1 тонна капустаны алып өтүүгө аракет жасашкан.
Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.
Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter