У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пара менен кармалган депутаттын бир тууганы мамлекетке 100 миң доллар төлөдү


 
1000 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери М.Келдибаев өлкө бюджетине 100 миң доллар төлөп бергенин 13-январда укук коргоо органдарынан билдиришти.
 
Алдын ала маалыматтар боюнча, Келдибаев бул сумманы январдын башында төлөгөн.
 
УКМКнын басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, коррупцияга каршы күрөшүү иштери улантылып жаткандыгын кошумчалады.
 
 Буга чейин УКМК кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын бажы тариздештирүү тобунун башкы инспекторун 1000 доллар алып жаткан жеринен кармашкан.
 
Кармалган адам жеке ишкерден Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуучу унааларды транзиттик жол менен өткөрүү үчүн акча талап кылган.
 
 
Ал ЖКнын депутаты Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы экени айтылган.  


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter