У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: «Коронавирустун жаӊы түрү Кыргызстанга да келет»

 
Коронавирустун жаӊы түрү Кыргызстанга да келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 13-январда билдирди.
 
«Азыр коронавирустун жаңы түрү 41 өлкөдө катталды, анын ичинде Россия да бар. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, вирустун жаӊы түрү бизге да келет», - деди ал.
 
Ошондой эле ал коронавирустун бул түрү жаштар арасында көп катталып, оор өтөрүн кошумчалады. 
 
«Вирустун мурдагы формасы жаштарда жана балдарда жеңил өткөн болсо, жаӊы түрү агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, балдарда жана жаштарда көбүрөөк кездешет. Бул түрдөн каза болгондордун саны мурдагыга караганда 2,5 эсеге көп болушу мүмүкүн”, - деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter