У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Азыркы тапта "Ала-Тоо" аянтына аппаратуралар алып келинип, сцена орнотулууда


Азыркы тапта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтына эл чогулуп, аппаратуралар алып келинип, сцена орнотулууда. Эске салсак, кечээ 10-январда Президенттик шайлоо өттү. Алгачкы алдын ала жыйынтык автоматтык урналардан белгилүү болду, Борбордук шайлоо комиссиясы соңку жыйынтыкты кол менен саноодон кийин жарыялай баштады.

Инфографикада көрсөтүлгөн мааламыт шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Анткени БШК азырынча акыркы бүтүмдү жарыялай элек.

Президенттикке 17 киши ат салышты. Кезексиз шайлоо өткөрүү чечими мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасынан кийин кабыл алынган. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы аныктала турган референдум да өттү.
Шайлоо жана референдумду өткөрүү үчүн 2 474 участок даярдалган, анын 48и чет өлкөлөрдө.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров алдыга озуп чыгып, 80 пайызга жакын добуш алгандыгы айтылды. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter