У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Исаев менен Дүйшөбаевдин сүйлөшүүсү. УКМК аудио жазууну текшере баштады


 
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет социалдык тармактарда айрым саясатчылардын, президенттикке талапкерлердин жана алардын тарапташтарынын 2021-жылдагы революцияны уюштуруу жөнүндө диалогдорунун, ошондой эле президенттик шайлоодон жана референдумдан кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдордун аудио жазууларын жайылтууну текшерүүдө. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар соттук фоноскопиялык -филологиялык жана саясий экспертизага жөнөтүлөт.
 
«Жогорудагы экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга чакырган адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет. Белгилей кетсек, КР мыйзамына ылайык, бийликти күч менен басып алууга багытталган аракеттер кылмыш жоопкерчилигине алып келет», - деп айтылат билдирүүдө.
 
Социалдык тармактарда президенттикке талапкер Канат Исаев менен Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин сүйлөшүүсү жазылган делген адудио жазуу тараган.  Аудио жазуунун сыпаттамасында алар 10-январдагы президенттик шайлоодон кийин баш аламандыктарды уюштурууга даярданып жатканы айтылат. Бирок, айрым интернет колдонуучулар аталган сүйлөшүүдө бийликти басып алуу чакырыктардын жок экенин айтышууда. 


Пикир калтыруу
  • Flywkz
  • 27-11-2022, 23:21
  • : 23:21
    • Нравится
    • 0
levofloxacin usa levofloxacin 500mg usa
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter