У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттикке талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка айыпталууда

 
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президенттикке талапкерлердин биринин жубайы шектелип жаткан ири алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
 
Бул факты КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси боюнча катталып, жаран У.К.га карата ири көлөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 
 
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жаран У.К. 2017-2018-жылдары жаран А.О. жалпы ишкердикти жүргүзүү үчүн 5 миллион доллардан ашык суммадагы каражаттарды кайтарып берүүдөн баш тартууда.
 
УКМК алданып калган жаран чет элдик инвестор болгонун белгилеп, көрсөтүлгөн каражаттарды өлкөнүн керектүү долбоорлоруна өнүктүрүүгө жумшоону пландаштырган. Ошондой эле, жаран У.К. Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин биринин жубайы экенин билдирген, бирок талапкердин атын атаган жок. 
 
Сотко чейинки өндүрүш тергөө амалдары жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter