У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: "Дебатка барып акыйнек айтышып, ушак териштирип отургум келген жок"


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров дебатка эмнеге барбай  жатканын айтты. Ал катыша турган теледебат 29-декабрда өткөн, бирок ага  Жапаров катышкан эмес.

“Эми мен Бакиевди, Жээнбековду туураган жокмун. Мен өзү табиятымдан эле бирөө менен айтышып, анан ушак териштиргенди жек көрөм. Анан ал жакка барып алып, акыйнек айтышып, ушак териштирип отургандан көрө мен эл менен көбүрөөк жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, аймактарда кандай көйгөйлүү маселелер бар ошолорду билип, маалыматтарды топтоп алганым мага он эсе пайдалуу. Ошондуктан мен эл менен жолугуп жүрөм, дебатка убактым да болгон жок. Эл дебатта укчу сөздү мени менен түзмө-түз жолугушкан учурда деле угуп жатат, алардын арыз мүңун угуп жатам”, — деген Жапаров.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter