У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: «Бишкекке көчүп келем деген оюмдан кайткам»

- Интернеттин өнγгγшγ ырчылардын көбөйγшγнө шарт тγздγбγ?
-   Азыр ырчы болуш абдан эле жеңил болуп калды. Ырчы болууну кыялданган ар бир адам ырчы боло алса болот. Анткени интернет абдан өнγгγп жаткандыктан, ырчылар γчγн абдан жакшы шарттар тγзγлдγ. Ырларды жаздырып интернет аркылуу эле элге жетикирип алсаң болот. Радио, телеге берем деп мурдагыдай шаар кыдырып, Оштон Бишкекке келбейсиң, интернет аркылуу эле ырыңды салып жиберсең болот. Бирок ырчылар көп болгону менен эл баалап уккан ырчылар аз. Элдин ырчысы болуш азыр деле кыйын. Ал γчγн жакшы ырларды, элге сиңе турган чыгармаларды аткарыш керек деп ойлойм. 

- Өзγң социалдык тармактын активдγγ колдонуучуларынын катарын толуктайсыңбы?
- Социалдык тармактарга сγрөттөрγмдγ, ырдаган ырларымды, барган тойлорумду, катышкан концерттеримди жγктөй бербейм. Айрым гана учурларда сγрөт жγктөп, ырларымды чыгарып койбосом баскан- турганымдын баарын элге жар сала бербейм. Негизи эле андай нерсеге жок экем. Мурда Фейсбук баракчама көп сγрөт жγктөп, активдγγ колдонуучусу болчумун. Азыр ал баракчама такыр кирбей калдым. Көбγнчө Инстаграмдагы баракчам аркылуу жаңылыктарымды бөлγшγп турам. 

- Жаңы чыгып жатканда чыгармачылыкта ийгилкке жетишγγ γчγн Бишкекке көчγп келем го деп жаттың дедиң эле ал оюң ишке ашпай калдыбы?
- Ооба башында ошондой ойдо болчумун. Ал кезде азыркыдай интернет өнγгө элек кез болчу. Интервьюларга, радио- телеге сөзсγз барып маек берчγбγз. Кандай гана съемка болбосун катышууга, чакырууларга барганга аракет кылчумун. Анан да бγт Кыргызстан көргөн телевидениелер, радио- гезиттер борбордо болгондуктан Бишкекке келсемби дегем, бирок кийинчерээк ал оюмдан кайттым. Себеби Ошто жγрγп деле чыгармачылыкта ийгиликке жетсе болот экенине көзγм жетти. Азыр өкγнбөйм. Кудайга шγгγр, баардык ойлорум ишке ашып, максаттарыма жетип жатам. 

- Чыгармачылык деп жγрγп жеке жашооңду унутта калтырган жоксуңбу?
-  Жеке жашоом менен чыгармачылыгымды аралаштыргым келбейт. Жеке жашоо өз нугу, чыгармачылык өз жолу менен кеткени жакшы дейм. «Көздγ мончок жерде калбайт» дегендей, буюрса бул жашоодо  өз теңимди табарыма ишенем. Болгону сааты чыкпай, учуру келбей жатса керек деп ойлойм. Чынында кыздар бγгγн –эртең турмушка чыгам деп айта албайт экенбиз. Баары буйруктан, Кудай кайсы кγнγ турумуш жолуна аттанууну буйруса, ошол кγнγ турумуш жолуна аттанып, ак жоолук салынам деген аруу тилектемин. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter