У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды


Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан ишкерлик субъектилерди текшерүүгө киргизилген мораторийдин мөөнөтү дагы бир жылга жылдырылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бизнести текшерүүгө киргизилген мораторий 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков кол койгон.

Аталган чечимге ылайык, эми мамлекеттик көзөмөл органдары 2022-жылга чейин бизнести текшере албайт.

Мораторийдин мөөнөтү коронавирус пандемиясынан улам ишкерлик субъектилерге кошумча стимул берүү максатында созулганы айтылды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter