У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек ара чыры! Өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип тосуп жатышат


Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан чыр чыкты. Мындай пикири менен фейсбук колдонуучусу Күнболот Момоконов фейсбуктагы баракчасына бөлүштү. Анын айтымында өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип тосуп жатышат.

"Өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип тосуп жатышат дейт жашоочулар. Бийлик тараптан кандай реакция болуп жатат?  Жакында жардам беришти эле же жаагыбыз жап болобу? Жакырлыгыбыз күн санап күчөп, итке сөөк ыргыткандай жардам беришип, бирок минтип билгизбей жерибизден керте берсе эмнебиз калат?  Ойлонолу, жакырлык акыры жардам алуудан дагы жалтак кыла турган болду. А биз кайдагы саясат, бийлик талашмай менен алекпиз. Азыр биз 30 жылда ойлонулбаган ойду, кылбаган ынтымакты, жасабаган реформаны кылып, ачылбаган коррупцияны ача турган учур болчу!  Мекен үчүн эмес, бийлик үчүн арыбызды, алыбызды карабаган, кадрды эмес кадырыбызды караган эл экенибизди көргөзүп жатабыз. Пиарщиктер менен жулунган "иттердин" эле заманы болуп калыптыр" дейт ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter