У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Бир адамдан бир китеп" долбоору эл аралык сыйлыкка татыды


Бакай Акылбеков негиздеген "Бир адамдан бир китеп" долбоору  Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин "Содружество дебютов" сыйлыгы менен сыйланды. Бул тууралуу негиздөөчү өзү  маалымдады.

"2019-жылы КМШ өлкөлөрүндө китеп жылы деп жарыяланган экен. Мунун негизинде китеп жаатында алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткан бир канча өлкөлөрдөн талапкерлерди тандап алышкан. Жазында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан сунуштама кеткен. Жакында эле жеңүүчү болдуңүз деп сүйүнчүлөштү. 2-3 күн мурун аталган сыйлыктын диплому колго тийди. 16 мамлекеттин арасынан "Содружество дебютов" наамын ыйгарышты. Бул сыйлык ата-энебиз, устаттарыбыз, китепчилер командасы, досторубуз жана жалпы кыргыз элиники. Сыйлык, ишеним дагы да мойнубузга чоң жүк, аманат бар экенин айгинеледи... ", - деди Бакай Акылбеков.

Аталган долбоорду 2019-жылдын февраль айында жаш активисттер Бакай Акылбеков жана Эрлан Смайыл уулу негиздеген. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter