У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: "Райым Матраимовдун сотко чейинки өндүрүш ишин кароону улантып жатабыз"


УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун сотко чейинки өндүрүш ишин кароону улантып жатат. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти кароо учурунда коррупциялык схемага тиешеси бар башка дагы кызматкерлер аныкталган.

"Бул иш менен биргеликте Кыргызстандын бюджетине келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери дагы улантылууда", — дешти УКМКдан.

Тергөөнүн Бажы кызматында мурда иштеп кеткен жана азыр да иштеп жаткандардын топ түзүп алып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөндөрдү калкалап, бул "кызматы үчүн" системалык түрдө акча алып тургандыгы боюнча далилдерди улам алып жатканы айтылды.

"Жүргүзүлгөн тергөөлөрдүн жана сотко чейинки өндүрүш иштеринин жыйынтыгы, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардан канча акча өндүрүлгөнү, чыгымдын көлөмү тууралуу коомчулукка төкпөй-чачпай маалымдалат", — деп билдиришти УКМКдан.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter