У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садык Шер-Нияз Жапаровго жолуккандан кийин талапкерлигин алып салууну чечти


Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке талапкерлигин койгон саясатчы Садык Шер-Нияз талапкерлигин ала турганын айтты. Мындай чечимди ал өкмөт башчылык милдетин убактылуу тапшырган, президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин кабыл алган.

Садык Шер-Нияз фейсбуктагы түз эфир учурунда мындан ары саясаттан кетип, коомдук, маданий иштер менен алек болорун айтты.

«Менин максатым маданият тармагынын өкүлдөрүнүн үнү угулуусун, билим берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу жарышта жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар, алдыда келе жаткан фаворит киши Садыр Жапаров менен сүйлөшүү туура болду деп эсептейм. Чынында азыр көпчүлүк эл Жапаровду колдоп жатканын, аны лидер катары таанышарын көрдүм. Мен саясатчыл эмесмин деп айтып жүргөм. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин талапкерлигимди алып салууну чечтим. Маданият, билим берүү тармактарында Садыр Жапаров менен биргелешип иштешүүгө болоруна көзүм жетти. Парламентаризм боюнча позициямда турам», -деди Садык Шер-Нияз.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter