У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чылпагын алам деп, көзүн чукуп алдыбы?

Кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ат-Башыда курулуучуу логистикалык борбор тууралуу билдирип, бул долбоорго Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгондугун айтты. Абылгазиев бул туурасында:
- Баса белгилей кетчү жагдай бул логистикалык борбор куруунун башы Кытай Эл Республикасынын төрагасы келгенде ошол бизнесмен кошо келип, мамлекеттик сапар болуп жаткан иш чаранын ичинде кол коюлган долбоор. Муну биздин президент Сооронбай Шарипович менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин баш болуп экөө колдогон. Бул 7 миллиард доллардын ичиндеги долбоор, - деп чындыкты айтып алды. Башкача айтканда, чылпагын алам деп көзүн чукуп алыптыр болду.

"Мамлекеттин эч кандай тиешеси жок, тикелей инвестиция, кытай жараны тобокелге салып логистикалык борбор куруп бергени жатат. Күйүп кетсе эч ким жоопкер болбойт", - деп... 


Ошентип, буга чейин: "Мамлекеттин эч кандай тиешеси жок, тикелей инвестиция, кытай жараны тобокелге салып логистикалык борбор куруп бергени жатат. Күйүп кетсе эч ким жоопкер болбойт", - деп элди алдап упчу эмизип жаткан көз боёмоочулугу суу кечпей калды.
Дегенибиз, Ат-Башыда курулуучуу логистикалык борборго Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен Президент Сооронбай Жээнбеков кепилдик берип жатышса, анан кантип мамлекеттин тиешеси жок болуп чыгат? Долбоор эки өлкөнүн президенттеринин макулдугу менен ишке ашып жатса?!.

Ошол себептен, кытай жараны коркпой-үркпөй 280 миллион доллар сарптайм деген бекем ишеним менен келип жатат. Артында Кытай мамлекетинин карылуу колу, таянычы турат. Эртең ал логистикалык борбор кытайлардын шаарчасына айланып, Кытай мамлекети карыздын ордуна алып койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Биздин сатылма бийликке ишенич кыйын. 49 жыл деген жарым кылым. Ага чейин ким бар, ким жок? Элүү жылда эл жаңы. Ижарага алынган жер анклавга айланып, Кытайлар анан ал жерге коридор алабыз деп чыгышы мүмкүн. Ошону менен Ат-Башыдан айрылдык дей бергиле. 

Кытай мамлекетинин улуттук стратегиялык саясаты - экономикалык жылма экспансия. Кытай кирген жеринен чыккан эмес. 10 кытай иштесе, 50 жылдын ичинде андан ашпайт деп эч ким айта албайт. Кытай мамлекети менен улагалаш аймакка кытай кирсе, ассимилясия ыкчам жүрөт. Ошондуктан эртең кеч болуп кала электе, эсибизди жыйып этегибизди жабалы.



Пикир калтыруу
  • Ahttwv
  • 29-11-2022, 21:28
  • : 21:28
    • Нравится
    • 0
levofloxacin online buy buy levofloxacin sale
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter