У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстанда алгачкы жолу жаш театр ишмерлеринин форуму өтөт


Кыргыз театр маданиятынын тарыхында алгачкы жолу I Республикалык жаш театр ишмерлеринин “Жаратман - 2020" форуму өтөт. Бул тууралуу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан маалымдашты.  

Маалыматка караганда, иш чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры  биргеликте өткөрүшөт.  “Форум онлайн форматта өтөт жана 1 жумага созулат.

Максаты - жаш муундардын билимин тереңдетүү, театр искусствосун өркүндөтүү. Алдыңкы театр чеберлери билими, тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү. Долбоордун демилгечиси - Назым Мендебаиров” дейт маалыматта.  

Форум 27-ноябрда 17-00дө салтанаттуу башталып, 4-декабрда аяктайт. Байланыш үчүн телефондор: 0705 053693, 0702 751092. (WhatsApp   номерле Почта: ulut.teatr@mail.ru
Форум Zoom программасы аркылуу өткөрүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter