У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Чач” каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды


 Чүй облусунда «Чач» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Э.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди. 
 
 Маалыматка ылайык, ал 2020-жылдын 20-ноябрында УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктап, жоюу багытында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында кармалган.
 
 «Чач» каймана аты бар Э.М. мурда 2015-жылы Беларусь Республикасында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн криминалдык авторитет Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон. Ал Кыргызстандын аймагындагы бир катар кылмыштарды кылган деп шектелүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы атышууларга жана башка резонанстуу криминалдык талаштарга катышы бар.
 
Кармалган Э.М. жана ал башында турган кылмыштуу топту “Кыргызнефтегаз” ААК мурунку жетекчиси Р.Бостонов колдонуп, облустагы ишкерлерге жана тургундарга мыйзамсыз иш аракеттерди жасап келгендиги тууралуу запкы көргөн адамдар тарабынан бир катар кайрылуулар келип түшкөн.
 
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
 
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter