У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кулов: «Бул Конституция Кыргызстанды демократиялык өлкө катары жок кылат»


 Феликс Кулов коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбооруна каршы экенин жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, учурда коомдук талкууга коюлган Баш мыйзам кабыл алынып калса, Кыргызстан 30 жылга артка кетет жана өлкөдө диктатура орнойт. Жаӊы долбоордо диктатураны орнотуу системасынан сырткары, бири-бирине карама-каршы келген беренелер абдан көп. 
 
«Премьер-министр бар болот экен. Бирок өкмөттү президент башкарат. Өкмөттүн эч кандай укугу жок. Ал президенттен отставкага кетүү тууралуу гана сурана алат жана президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе, анын милдеттин аткарат. Башка эч кандай ыйгарым укуктары жок»,-дейт Кулов.  
 
Ошондой эле Кулов Курултай да эч кандай ыйгарым укуктарга ээ эместигин, Курултайды президент гана чакыра ала турганын жана бул Конституция Кыргызстанды демократиялык өлкө катары жок кыларын, Конституция кабыл алынса Түркмөнстан болорубузду, мындай башаламан Баш мыйзамды буга чейин көрбөгөнүн билдирди.   

Булак: Репортер.кж


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter