У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Биринчи толкунда эл кырылып жатканда спецполиклиника бош турган, 240 кызматкери 5 ай ишсиз, маянасыз калышкан



Президенттин иш башкармалыгына караштуу Дарылоо, ден соолукту чыңдоо бирикмеси (спецполиклиника) тууралуу акыркы күндөрү жакшы сөз аз айтылып калды. Мындай нааразчылыктардын көбөйгөнүнүн бирден бир себепкери аталган ооруканынын башында турган мурунку директору болду дейт анда иштеген дарыгерлер. Бирикмени 2016-жылдан бери Гүлмира Баитова жетектеп келген. Ал бийликте турган 4 жылдын ичинде мыйзамсыз байыган, коллективди бөлүп-жарган, өзүнүн жакындарына ар дайым жан тартып турган жана коронавирустун биринчи толкунунда эл кырылып, ооруканадан орун таппай жатканда поликлиниканы жаап, 240 кызматкерди ишсиз, айлыксыз үйлөрүнө отургузуп койгон. Аргасы кеткен айрым дарыгерлер ыктыярчы болуп элге кызмат кылып кеткенге аргасыз болушкан. Мындай маалыматты аталган ооруканынын хирургия бөлүмүнүн тажрыйбалуу хирургу, Улуттук коопсуздук кызматынын отставкадагы медкызматынын подполковниги Эгемберди Туманбаев билдирди.

Эсиңиздерде болсо керек, пандемия башталып, оору күч алып турганда эл акыны Элмирбек Иманалиевди дал ушул ооруканага алып барса кабыл албай койду деген имиштер чыкты эле... Бул тууралуу Туманбаев буларды билдирди:

"Ооба, ал чындык, жалгыз эле Элмирбекти кабыл албай койгон жерибиз жок. Эл ооруканалардан орун таппай көчөдө кырылып жаткан маалда биздин ооруканынын жарымы бош турду. Кабыл ала берели деп суранганыбыздан майнап чыккан жок. Мына ошонун кесепетинен Элмирбекке окшогон талантыбыздан да айрылып калдык. Эгерде убагында жардам көрсөтүлгөндө балким тирүү калмак. Кийин баары бир оорукананын бир бөлүгүн кызыл зона кылып ачышты, башынан эле кабыл алсак канча өмүрдү сактап калат элек".

Дарыгерлер оору күчөп турганда элге аба менен суудай керек болуп турганы бардыгыбызга маалым. Бирок поликлиниканын жетекчилиги элдин убал-сообунан коркпой, дарыгерлерди, медкызматкерлерди 5 ай маянасыз эмгек өргүүсүнө чыгарып коюп, ээнсиреген ооруканада бейкапар айлык алып отурган.

"5 ай биздин 240 медкызматкерлер, дарыгерлер бир да тыйын албай үйүндө жатышты. Ушундай кыйын кырдаалда аларды акысыз эмгек өргүүсүнө чыгарып салды. Ошол эле маалда өзү, бухгалтерияда иштегендер айлык акысын көбөйтүп алып келишкенин билдик.  Жөнөкөй хирургдун айлык маянасы менен бухгалтерлердин айлыгын салыштыралы, жөнөкөй хиругдардын эң аз айлыгы 600 сом болсо, эң көбү 5000 сом араң алып жатышкан маалда бухгалтерлер ай сайын 150 миң сомго чейин айлык алып отурушкан экен. Бул айлык, пандемия маалында башкалар акчасы жок отурган учурда да улана берген. Ал эми өзүнүн айлыгын айтпай эле коёлу. Бул бухгалтерия бөлүмү менен жең ичинен чечип, башкаларга билдирбей элдин акысын жеп келишкен. Бул маалыматты бухгалтериянын кыздарынан кесиптештерибиз алышкан экен" дейт дарыгер. 

Ред: Азыр Баитова иштен алынып, ордуна Расул Султангазиев жетекчи болуп дайындалды. Бирок жетекчинин алмаштыруу менен эле маселе чечилип калган жок. Карантин маалында ачка калган дарыгерлер үчүн али эч ким жооп бере элек, мындай жосунсуз жоругу үчүн мурдагы жетекчи мыйзам алдында жоопко тартылууга тийиш...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter