У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Төрөбаев: «Президенттик шайлоодо эки талапкердин ортосунда чоӊ күрөш болот»


Президенттик шайлоодо эки талапкердин ортосунда күрөш чоң болот. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды. 
 
“Негизинен учурда эки талапкер белгилүү болуп калды. Ошол эки талапкердин ортосунда күрөш чоң болот. Бул боюнча талапкерлер расмий каттоодон өткөндөн кийин айтам. Бүгүнкү күндө эч бир саясатчы же эксперт шайлоодо ким утаарын алдын ала айта албайт. Мен эки талапкердин тең жактоочуларына айткым келет, интернетте колдоп, талаш-тартыш жараткандын ордуна, элдин жүрөгүн, добушун алуу үчүн мыкты команда түзүп, иштөө керек.

Кыргызстанда президенттикке татыктуу бир нече адамдар бар. Бирок, алардын көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү же командасы жок. Ошол үчүн алар ута албайт.  Бул шайлоодо элдер президенттикке аттанган талапкерге эмес, командасына карап добуш берип калышы ыктымал. Андыктан, бул шайлоодо социалдык тармакта комментарий жазып, кайым айтышкандар, көчөдө кыйкыргандар утпайт. Мыкты команда түзө алгандар жеңишке жетишет. 
 
Айрым маселелерди көчөдө кыйкырып жүргөн миң же беш миң адам чечиши мүмкүн. Бирок, шайлоодо жалпы эл чечет. 

Айыл өкмөттөн баштап, өкмөткө чейин жалпы бийлик бутактарына кайрылат элем. Бул шайлоого такыр кийлигишпегиле. Мамлекеттик кызматкерлерге,  мугалимдерге, дарыгерлерге,  милиция кызматкерлерине эч кандай тапшырма бербегиле. Бул шайлоону элдин өзүнүн тандоосуна койгула. Жыйынтыгында жеңишке жеткен адамга биз баш ийишибиз керек. 

Урматтуу мекендештер! 
Эгерде биз жалпы элдин добушун менен тандалган адамга баш ийбесек, эртең Кыргызстаныбызды, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Сырттан ар кандай күчтөр келип, бизге таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан, бүгүнкү күндө болуп аткан окуялар, өлкөдөгү кырдаал кайсы бир чет мамлекеттин долбоору эмес деп эсептейм. Анткени, бул чынында элдин долбоору болуп калды. Биз чыныгы элдик лидерди тандап алышыбыз зарыл. Ошондо гана Кыргызстанда экономикалык, саясий туруктуулук болуп, мыйзам үстөмдүгү орнойт»,-деп жазды Төрөбаев. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter