У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Митинг кезеги мугалимдерде! Ысык-Көл районунда мугалимдер митингге чыгышты


2-ноябрда Ысык-Көл районундагы айрым мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери жана мугалимдер райондук акимиаттын алдына нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар 20-октябрда мурда ээлеген кызматына кайра кайтып келген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абированын жетекчилигине каршы экенин айтып чыгышты. Алардын айтымында директор мыйзамсыз акча чогултканын койбой келет, мугалимдер арыз жазганына карабай, камырдан кыл сууругандай таза чыккан.

Митингге чыккандардын бири: "Бостери айылдык мектеп-лицейи Кыргызстанда биринчилерден болуп ысык тамак долбооруна кирген. Анда Дамира Абирова тендер менен 10 сомдук картөшкөнү 25 сомдон алган, аны сотто далилдеп бердик. 10 жылдан бери тендерден өзү жакын болгон бир гана фирма утуп келет, бул акыйкатсыздык" дейт. 

Ал эми Дамира Абирова муну ага каршы атайын уюштурулган иш катары баалады:

"2018-жылдын 22-майында мени жумуштан убактылуу четтетүү тууралуу чечим чыккан. Себеби райондогу айрым мектеп директорлору мени "пара алат", "үстөмдүк кылат" деп арыз менен бир топ жерге кайрылышкан. Бирок 2,5 жылга созулган текшерүүдөн кийин УКМК да, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматы да менин ишимден ката таба албай, жыйынтыгында ушул жылдын 16-августунда мени кызматка кайтып келсин деп министрликке жазган. Мен министрликтин буйругу менен келдим, мыйзам бузган жерим жок", - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter