У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мындан ары мектеп директорлору 5 жылга гана дайындалат


Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев коом менен тыгыз байланышта болуу максатында Фейсбук жана Инстаграм социалдык тармактарында түз эфирге чыгып, көрөрмандардын суроолоруна жооп берди. Анда пенсия курактагы мектеп директорлорун алмаштыруу керекпи деген суроо берилип, министр төмөндөгүдөй жооп берди:

"Мектептерде директорлорду дайындоо боюнча жаңы механизмдер иштелип чыгат. Бул боюнча жакында өкмөткө сунуш беребиз. Мектеп директорлорун дайындоо боюнча мыйзамга жаңы норма киргизели деп турабыз. Ага ылайык, мектеп директорлору 5 жылга дайындалат. Эгер жакшы иштебесе комиссиянын чегинде кароо менен кайра жумуштан четтетилет. Бирок жамаат 5 жылга чейин бир туруктуу жетекчи менен иштешсе жакшы болот", - деп жооп берди министр.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter