У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тилек Токтогазиев: "Айыл чарба тармагын санариптештирүүнү жана тамак-аш кайра иштетүүнү колго алам"


 Бүгүн, 23-октябрда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев биринчи жумуш күнүндө министрликтин кызматкерлери менен таанышып, министрликте жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтарды алды.
 
Министр Тилек Токтогазиев кызматкерлер менен таанышып жатып, айыл чарба тармагын санариптештирүүнү жана тамак-аш кайра иштетүү тармагын алдына жылдыруу боюнча пландарын айтты. Ошондой эле, айыл чарба тармагындагы ассоциациялар менен тыгыз кызматташып, дыйкан-фермерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат, - деди ал.
 
Мындан сырткары, министр кесиптештерин мыйзам чегинде иш алып барууга жана айыл чарба тармагын алдыга жылдырууга, өнүктүрүүгө чакырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter