У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: "Бир мандаттуу шайлоону азырынча туура эмес көрдүм, депуттардын санын кыскартуу керек"


Премьер-министр Садыр Жапаров 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү абактан чыгып, аянттагы чогулган элдин алдына келип сөз сүйлөгөндө 1 мандаттуу шайлоо өткөрө турганын айткан. Ал ошол сөзүн бүгүн, 16-октябрда  "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында кайтарып алды. 

Анын айтымында, шайлоо босогосун буга чейин сунушталгандай үч пайызга чейин түшүрүү өтө эле төмөн болуп калат.

"Бир мандаттуу шайлоону азырынча туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Түндө мыйзамдын баарын карап чыктым. Эгерде биз партиялык система боюнча шайлоону өткөрбөй "Конституциялык реформага барабыз" десек, мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөйбүз. Шайлоо босогосун үч пайызга чейин түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат деп ойлойм. Менимче, беш пайызга түшүргөн туура. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулабайм. Мындан сырткары, 5 миллион сомдук күрөөнү бир миллионго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Ошондой эле депутаттардын санын 120 эмес, 70 же 90го кыскартып коюп, анан парламенттик шайлоону өткөрүп алсак. Андан кийин жаңы парламент конституциялык реформага барса туура болот экен. Бул менин жеке оюм", — деди Жапаров.



 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter