У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БУУ: "Жапаровдун премьер-министрликке келгенин, президент кеткенден кийин анын милдеттерин өткөрүп алганын эске алуудабыз"



Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы саяксий кырдаалга көз салып турушат. Алар “өлкөнүн алдыга жылышына” байланыштуу чечимдерди Конституциянын алкагында кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин басма сөз өкүлү Стефан Дюжаррик 15-октябрда Нью-Йорктогу маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун премьер-министрликке дайындалганын, ошондой эле президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттерин өткөрүп алганын эске алууда.

“Биз Кыргызстандагы бардык оюнчуларды өлкөнү илгерилеткен чечимдерди бардык тараптар камтылган, ачык-айкын шартта, кыргыз Конституциясынын алкагында кабыл алынышын камсыз кылууга чакырабыз”, - деп билдирди Стефан Дюжаррик.

Ал баш катчынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман бейшембиде Бишкекке келгенин, жума күнү азыркы кырдаалдын тынч жол менен чечилиши үчүн тиешелүү тараптар менен сүйлөшүү өткөрө турганын кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter